Жаңы учак Таласка аба каттамын баштады

Бүгүн, 30-сентябрда Талас аймактык аэропортуна Dash 8 Q-400 жаңы учак алгачкы каттамын жасады.

Талас шаардык мэриясынан кабарлашкандай, биринчи каттам менен 50 жүргүнчү учту.

Маалым болгондой, Бишкек-Талас багыты боюнча билет 2200 сомдон сатылды.

Белгилесек, «Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы буга чейин Ошко рейс жасап, 80 жүргүнчүнү ийгиликтүү жеткирген.

«Манас» аэропортунан жүргүнчүлөр көп болуп, авиабилеттерге болгон суроо-талап өскөнүнө байланыштуу Казарман, Раззаков багыты боюнча каттамдарга авиабилеттерди сатуу убактылуу токтотулганын маалымдаган.

30 Сентябрь 2024 жыл 14:02

Тема боюнча