Ички каттамдарга алынган Dash 8 Q-400 учагы алдын ала даярдык көрүү үчүн «Талас» аймактык аэропортуна конду.
Белгилүү болгондой, аэродромдун учак кабыл алуу даярдыгы, аба майдандын тейлөө кызматтары жана башка зарыл болгон бардык кызматтар боюнча жалпы техникалык даярдык текшерилди.
Буга чейин «Манас» аэропортунун эсебинен Талас, Каракол, Казарман, Кербен, Нарын аймактык аэропорттору реконструкцияланып, ички авиакаттамдарды ачууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бүгүнкү күндө «Асман» авиакомпаниясы Талас, Нарын жана Каракол шаарларына аба каттамдарды ачууга кызуу даярдык көрүүдө.