Жаңы жыл түнү Кыргызстандын аймагында 19 жол кырсыгы катталды

Жаңы жыл түнү Кыргызстандын аймагында 19 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, андан 22 адам ар кандай жаракаттарды алган.

Андан тышкары, 2023-жылдын 31-декабрына карата республика аймагында кылмыштар жана окуялар боюнча жалпы 434 маалымат жана кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 3 кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.

1 Январь 2024 жыл 16:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча