Жаза аткаруу кызматы Бишкектин тергөө абагында (ТИЗО-1) камакта отурган акын жана активист Аскат Жетигенге бул мекемеде күч колдонуу болбогонун 23-майда билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө:
“Маектешүү учурунда айыпталуучу Жетиген уулу Аскат ТИЗО-1де кармалып турган мезгилде ага карата күч колдонуу жана кыйноо чаралары колдонулбагандыгы жөнүндө оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмө берди. Анын жеке коопсуздугу жана ден соолугу боюнча кооптонуулары жок. Ошондой эле камактагыларга жана ТИЗО-1дин кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экендигин билдирди”, — деп айтылды.
Аскат Жетиген кыйноого Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) шаардык бөлүмүндө кабылганын 23-майда сотто көрсөтмө берип жатып билдирген.
Ал «20-марттагы соттун чечиминен кийин укук коргоо органдары мени УКМКнын шаардык бөлүмүндө, мекеменин жертөлөсүндө бир саатка жакын ток менен кыйнашкан, башыма баштык кийгизип, сабашкан. Алардын талабы боюнча бийликке каршы чыкпай, кечирим сурашым керек болчу», — деген жана бул боюнча акыйкатчыга жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылганын айткан.
Улуттук коопсуздук комитети өзүнө караштуу мекемеде Жетигендин кыйноого кабылганы тууралуу маалыматтарга комментарий бере элек.