Жакшы кызматкер деле бар турбайбы?МАИ кызматкери унаасы бузулган айдоочуну күзөтүп койгон (видео)

Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Талантбек Кыдырбаев, Нарынга бара жаткан үй бүлөнүн унаасы бузулуп, алыска жарык берүүчү тетиги иштебей калганына байланыштуу аларды Кант шаарынан Токмокко чейин унаасы менен күзөтүп койгон.

МАИ кызматкерине ыраазы болгон үй бүлөнүн унаасында жаш балдары дагы болгон.

Мындай окуяга биринчи жолу туш болуп жаткан жарандар, «МАИ кызматкерлери деле жакшы адам болот турбайбы?, Көбүнчө жаман көрө беребиз го?»,- деп айтышты.

Ошондой ушундай өкмөттү түзгөндүгү үчүн Президент менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге дагы алкыш айтышты.

9 Июнь 2024 жыл 14:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча