Жакында мамлекеттик органдардын жетекчилери аймактарды кыдырат – президент

Жакын арада министрликтердин жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин аймактарга үзгүлтүксүз чыгуу графиги бекитилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Алай районунун активи жана тургундары менен жолукканда билдирди.

Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында жашоочулар тарабынан көтөрүлгөн бир катар маселелер жергиликтүү жана тиешелүү бийлик органдарынын компетенциясына кирерин жана аймактык деңгээлде чечилиши керектигине ынанганын белгиледи.

Эми алардын аймактарга чыгуу графиги бектилсе, министрликтердин жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин аймактарга үзгүлтүксүз чыгып, жарандардын кайрылууларын карап баштайт.

Жолугушууда тургундар министрликтердин жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин аймактарга бат-баттан барып туруусу аркылуу көп маселелерди жергиликтүү деңгээлде чечүүгө мүмкүн болорун айтышты.

14 Апрель 2026 жыл 11:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча