
Жалал-Абадда энеси менен бараткан балдарды машина сүзүп, улуусу чарчап калды.
Облустук милициядан билдиришкендей, кырсык кечээ саат 21:00 чамасында болгон.
BMW тротуарда 5 жана 3 жаштагы балдары менен келе жаткан 26 жаштагы аялды сүзүп, айдоочу качып кеткен. Кырсыктан эки бала жаракат алып, кызы ошол жерде көз жумган.
25 жаштагы айдоочу табылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.