Жалал-Абадда ишкерлерден акча алып жүргөн УКМКнын «кызматкери» кармалды

УКМКнын күбөлүгүн жасатып алып ишкерлерди «тоноп» жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, комитетке мыйзамсыз текшерүү боюнча бир нече кайрылуу түшкөн.

«Тергөөнүн жүрүшүндө У.С.У. аттуу жаран УКМКнын жасалма кызматтык күбөлүгүн колдонуп муниципалдык кызматчыларды жана жеке ишкерлерди опузалаганы аныкталган. Ал финансылык-чарбалык ишмердигин текшерүү шылтоосу менен жабырлануучуларды акча берүүгө мажбурлаган», — деп айтылат маалыматта.

Факт боюнча кылмыш иши козголуп, 24-сентябрда шектүү кармалган.

Атайын кызмат андан жабыр тарткандарды (03722) 5-60-49, WhatsApp: (0995) 01-22-10, (0770) 97-26-57 телефондору аркылуу кайрылууну суранган.

26 Сентябрь 2024 жыл 16:03

Тема боюнча