Жалал-Абад шаарындагы “Барпы” театрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү” Жарлыгы, кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата иш-мерчем, 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнү жана 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата сармерден өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
“Эне тил – достуктун жана биримдиктин тили” аталышындагы сармерденге Жалал-Абад медициналык колледжинин окутуучулары жана Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынынан түзүлгөн командалар катышты. Салтанаттуу иш-чарага атайын LED экран коюлуп, кыргыздын улуттук даамдарынан этно фуршет уюштурулду. Ак калпак кийген жаш балдар тогуз коргоол, беш көкүл чачын өргөн кыздар топ таш ойноп сахнанын көркүн ачып отурушту.
Сармердендин катышуучулары ыр ырдап, бий бийлеп, макал-лакап, жаңылмач айтышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Маданий иш-чарага келген күйөрмандар командаларына дем-күч берип, кубаттап отурушту. Сармердендин соңунда калыстар тобунун чечими менен эки команда тең чыгып, достуктун жеңиши менен жыйынтыкталды.
Сармерденге катышкан Жалал-Абад ОИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Капарбек Исаков, Жалал-Абад облусунун үй-бүлөлүк медицина борборунун директору – Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарманбек Байдавлетов, Жалал-Абад медициналык колледжинин директору Упел Парханова сөз сүйлөп, мындай иш-чаралар жарандарга позитив тартуулай тургандыгын белгилешти. Ошондой эле сармердендин белектери тапшырылды.
Келген күйөрмандар сармерден жогорку деңгээлде өткөндүгүн, өздөрүнө руханий азык алышканын билдиришип, уюштуруу тобуна ыраазычылык билдирип кайтышты.
Сармердендин толук чыгарылышын эртең Жалал-Абад ОИИБдин ютуб каналынан көрө аласыздар.