Жалал-Абадда перинаталдык борбордун курулушу башталды (сүрөт)

Бүгүн, 12-январда Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүндөгү перинаталдык борборунун курулушуна капсула салуу салтанаттуу аземи өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Мамкурулуш агенттигинин жергиликтүү өкүлчүлүгү катышты.

Бул объекттин курулушун баштоо максатында республикалык бюджеттин эсебинен 2023-жылы акча каражаты каралып, долборлоо-сметалык документтери иштелип чыккан.

Мамкурулуш тарабынан Мамлекеттик сатып алуу процедурасы өткөрүлүп, подряддык уюм тандалып алынып, учурда объектте жер казуу жумуштары башталган.

Эскерте кетсек, перинаталдык борбор кыз-келиндерге кош бойлуу, төрөткө чейинки, төрөт учурунда жана андан кийинки аралыктагы жана ошондой эле ымыркайларга кам көрүү каралган борбор катары белгилүү.

12 Январь 2024 жыл 17:58

Тема боюнча