
Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана УКМК кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 27-декабрь күнү саат 23:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде социалдык тармактар аркылуу интимдик кызмат көрсөтөбүз деп жарнама кылып, сойкулук менен алектенип жаткан кыздар тууралуу ыкчам маалымат алынган.
Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, кечиктирилгис түрдө териштирүү иштери башталган.
Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери УКМК кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Сузак районунун 3 тургуну Жалал-Абад шаарында сойкулук менен алектенип жүргөндүгү такталган. Алар Кара-Дарыя айыл аймагынын тургуну 1982-ж.т. С.А., Сузак айыл аймагынын тургуну 1990-ж.т. Ж.Д. жана Багыш айыл аймагынын тургуну 1998-ж.т. К.Ж. экендиги аныкталып, Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматына камсыз кылынган.