ӨКМ билдиргендей, Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагынан 2 турак үйдүн, Сузакта Кыз-Кол айыл аймагындагы мектептин спортзалынын дубалдарынан жарака кеткен.
Министр Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Жалал-Абад облустук башкармалыгына «айгай» жарыяланды.
Майлуу-Суу шаарындагы кырдаалды жеринен билүүгө ыкчам топ тартылганы кошумчаланды.
Эске салсак, кечээ Жалал-Абадда күчү 4 балл, Майлуу-Сууда 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.