Жалда гараж ээлери менен мэрия кызматкерлеринин ортосунда чыр чыкты

Жал районунда гараж кооперативинин ээлери менен Бишкек мэриясынын кызматкерлеринин ортосунда чыр чыкты.

Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери Псковская көчөсү, 71 дарегиндеги гараждарды алууга келген.

Ал эми гараж кооперативин ээлери демонтаждоого соттун чечими жок экенин айтып, мэриянын кызматкерлери менен чатакташа кеткен.

Мэрия билдиргендей, чырда кызматтык унаанын терезеси сындырылганын, кызматкерлерге бензинге окшош суюктук чачылган.

Калаа бийлиги жер мэрияга карай турганын, демонтаж мыйзам чегинде экенин айтууда. Жеринде укук коргоо органдары иштеп жатат.

22 Ноябрь 2024 жыл 14:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча