Жамгыр, кар жаайт. 7-мартта күтүлгөн аба ырайы

Бейшемби күнү өлкөнүн көпчүлүк жерлеринде, тоолуу райондорунда жамгыр, кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +5…+10, Талас өрөөнүндө +3…+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7…+12, Ысык-Көлдө +2…+7, Нарында 0…-5 градус суук болот.
Бул күнү күндүз Бишкекти ала булут каптап турат. Күндүн табы борбор калаада +7…+9, Ошто +10…+12 градуска жетет.

6 Март 2024 жыл 21:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча