Жапаров: Асма жол толук бүткөндө «Ала-Арчанын» алыс аймактарына жол ачылат

Асма жол толугу менен бүткөндө парктын жетүүгө кыйын болгон аймактарына барууга болот. Бул тууралуу “Ала-Арча” жаратылыш паркына жаңы салынган асма жолдун ачылышында өлкө башчысы Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, экинчи этап көзөмөл-өткөрмө пунктунан башталып, жалпы 12 чакырым аралыкты камтып, улуттук парктын эң кооз жана жетүүгө кыйын болгон аймактарына чейин барат.

“Асма жолду узартуунун экинчи этабы аркылуу “Ала-Арчаны” комплекстүү өнүктүрүүнү улантабыз. Бул долбоор ишке ашканда, жалпы элибиз да, чет өлкөлүк туристтер да кыргыз тоолорунун ажайып жаратылышын, кайталангыс кооздугун өз көзү менен көрүп, Кыргызстанды жаңы өңүттөн таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Албетте, бул аракеттер өлкөбүздүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат”-деди президент.

18 Февраль 2026 жыл 15:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча