Кыргызстандын бийлиги коррупциянын тамырын кыркып, мафиянын лидерлерин жеңди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 25-апрелде өкмөттүн жыйынында билдирди. Ал мунун өбөлгөсү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү болгонун белгиледи.
«Бардык тармактар боюнча тазалоо жүрүп жатат. Акыркы жылдары дүйнөлүк басылмалар Кыргызстандын бажы тармагындагы мафия тууралуу жазып калышкан. Ошондон кийин АКШ эл аралык издөө салып, федералдык иликтөө кызматы (ФБР) алардын башына акча сайган. Өлкөнүн азыркы бийлиги уюшкан кылмыштуулукту жеңе алды», — деген Акылбек Жапаров ким тууралуу айтып жатканын ачыктаган жок.