Жапаров иш сапары менен Россияга жөнөп кетти. Делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, иш сапары менен Россия Федерациясына жөнөп кетти.

Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Москва шаарында Евразия экономикалык биримдигинин юбилейлик саммитине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөө боюнча салтанаттуу иш-чараларга катышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
— министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат;
— экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
-Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.

7 Май 2024 жыл 18:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча