Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында кайсы маселелерге токтолду?

Президент Садыр Жапаров бүгүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын ачып жатып, өлкөнүн Куралдуу күчтөрдү өнүктүрүү маселелерине токтолду.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Урматтуу Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү!

Бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында биринчи маселе катары Куралдуу күчтөрүбүздүн абалы жана өнүгүү багыттары турат. Анын негизинде Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасынын долбоорун кароо сунушталууда.

Мен, Кыргыз Республикасынын Президенти жана Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы катары, биринчи кезекте мамлекетте орун алган көйгөйлөрдү чечүүгө жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган көптөгөн тапшырмаларды бергем.
Бул багытта көп иштер жасалды, буга жалпы элибиз да күбө болду. Ошентсе да алдыбызда жасай турган дагы көптөгөн иштер бар.

Эсиңиздерде болсо менин алгачкы тапшырмаларымдын бири Улуттук коопсуздук концепциясынын ажырагыс бөлүгү катары Кыргыз Республикасынын жаңы Аскердик доктринасынын долбоорун иштеп чыгуу болгон.

Өзүңүздөр билесиздер, өлкөбүз төрт мамлекет менен чектешет. Жети облустун ар бири чек аралык аймак болуп саналат, 40 административдик райондун 80 пайызы коңшу мамлекеттер менен түз байланышып турат. Кыргызстандын чек арасында жана Борбор Азиянын алыскы аймактарында жалпысынан биздин өлкөгө түз дагы, кыйыр түрдө дагы таасир эткен ар кандай процесстер жүрүүдө.

Дүйнө жүзүндө болуп жаткан чакырыктар менен коркунучтардын маалында өлкөбүздүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуубуз өтө маанилүү! Сиздер билгендей, мамлекетибиздин коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга чоң күч жумшап, бир топ иштерди жүзөгө ашырып жатабыз.

Акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу чек арабызды жана биздин жарандарыбызды коргоо үчүн зарыл болгон заманбап куралдарды өзүбүз сатып алдык. Бул бир гана “Байрактар” учкучсуз учуучу аппараттары эмес, башкалары да бар. Анын ичинде биз өнөктөш жана союздаштарыбыздан Борбор Азияда азырынча андай аналогдору болбогон курал-жарактардын жаңы түрлөрүн сатып алдык.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин муктаждыктары үчүн «Airbus» маркасындагы 2 жаңы тик учак алдык. Коргоо министрлиги үчүн бюджеттик каражаттардын эсебинен 5 тик учак капиталдык ремонттоодон өтүп, андан тышкары жаңы “Ми-17 В5” тик учагы сатып алынып, кошумча дагы “Ми-17” маркасындагы тик учагын сатып алуу пландалган.

Мамлекетибиздин коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруунун алкагында аба чабуулунан коргонууну камсыз кылууга жардам бере турган “Печора” модернизацияланган мобилдүү зениттик-ракеталык комплекс сатылып алынды. Ушул сыяктуу жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Россия Федерациясы менен аба чабуулунан коргонуунун бириккен региондук системасын түздүк.

Муну эми башталышы гана деп атасак болот.

Биз Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун ажырагыс бөлүгү катары мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун үстүндө талыкпай иштөөнү уланта беребиз. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасы тынчтыкты сүйгөн өлкө экендигин өзгөчө белгилеп кетким келет. Биз кайсы бир башка өлкөгө кол салуу максатын көздөбөйбүз, андай ниетибиз да жок, андай пландарды дагы койбойбуз.

Кандай гана чыр-чатак болбосун, аны алдын алууга же бир гана дипломатиялык жол менен чечүүгө болот деп эсептейм. Биз ички жана тышкы саясатта дал ушул принципти карманабыз.

Ошол эле учурда, бизге карата куралдуу агрессия көрсөткөндөр болсо, анын кесепетинен жарандарыбыз курман болуп жатса, үйлөрүбүз жана башка инфратүзүмдөрүбүз талкаланып өрттөлүп жатса, биз андайга жөн гана байкоо салып отура албайбыз. Биз кандай гана агрессор болбосун, тиешелүү жооп кайтарууга даярбыз.

Тилекке каршы, азыркы учурда дүйнө жүзүндө кыйын кырдаал түзүлүүдө. Ал региондук эле эмес, глобалдык деңгээлде да тез өзгөрүп, аскердик-саясий аракеттер менен коштолууда.

Мунун баары аскердик жана мамлекеттик башкаруу системасын бекемдөө зарылдыгын эскертип, аскердик коопсуздук коркунучтар артып баратканынан кабар берет. Ага ылайык аскердик коопсуздукту жана коргонууну камсыз кылууга мамлекеттик көз карашты кайра карап чыгууну талап кылууда.

Жалпы аскердик-саясий туруксуздук, согуш аракеттеринин очоктору, жер шарынын ар кайсы аймактарында улам бир жаңы куралдуу кагылыштардын келип чыгышы элестете алгыс кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын активдүү ишмердиги Борбор Азия аймагындагы бардык мамлекеттер үчүн коркунуч булагы бойдон калууда. Мамлекеттер аралык мамилелер жана региондор аралык байланыштар системасында түзүлгөн карама-каршылыктар фонунда ал күч алып жатат.

Геосаясий кызыкчылыктардын кагылышы, дүйнөлүк алдыңкы державалардын жана аскердик-саясий блоктордун ортосундагы карама-каршылыктардын күчөшү өлкөлөр ортосундагы өз ара ишенимге доо кетирип, кризис жаратты, анын кесепети дүйнөлүк экономикага да таасирин тийгизүүдө.

Санкциялык саясаттан улам соодага жана башка нерселерге чектөөлөрдүн күчөшү дагы глобалдык деңгээлде карама-каршылыктардын курчушуна жана абалдын туруксуздашуусуна алып келе турган факторлордун бири болуп калды.

Өлкөлөрүбүздүн отун-энергетикалык импортко көз карандылык шарттарында аймактагы чуу-энергетикалык көйгөйлөрдүн курчушу региондогу туруктуулукка терс таасир тийгизүүчү факторлордун бири болуп калды.

Мен белгилеп өткөн жана көптөгөн башка коркунучтар бизге жыл сайын, ай сайын, керек болсо күн сайын чакырык таштап, биздин мамлекетибиздин бекемдигин текшерип жатат.
Бул көйгөйлөрдү чечүү жана мамлекетибиздин коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө үчүн комплекстүү мамиле кылуу зарыл.

Өлкөбүздүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ырааттуу жана так жүргүзүү биздин мамлекетти тышкы коркунучтардан эле сактабастан, ички туруктуулукту чыңдайт, коомдук коопсуздукту жогорулатат, өлкөнүн экономикалык жана руханий адеп-ахлактык потенциалын бекемдейт. Муну баары жалпы эле мамлекетти өнүктүрүүгө, анын коопсуздугун камсыз кылууга оң таасирин тийгизет.

Анын натыйжасында Кыргыз Республикасы бүтүндөй Борбор Азия регионун өнүктүрүү саясатын аныктоодо алдыңкы ролдордун бирин ээлеп калышына негиздердин бири болуп калат.

Кыргызстан өзүнүн саясатын кошуналар менен ынак мамиледе болуу принцибинде түзүп жаткан меймандос өлкө деп келебиз. Андыктан, биз өзүбүздүн коргонуу жөндөмдүүлүгүбүздүн деңгээлин жогорулатууну унутпашыбыз керек.

Натыйжалуу, туруктуу жана дайыма өнүгүп турган материалдык-техникалык инфратүзүмгө, тийиштүү илимий-изилдөөлөр жана ар тараптуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү менен заманбап илимий-техникалык жетишкендиктерге жана маалыматтык технологияларга таянуу менен өлкөбүздүн коргоонусун өнүктүрүүбүз абдан маанилүү.

Мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн толук кандуу камсыз кылуу мамлекеттүүлүгүбүздү, улуттук нарктуулугубузду, улуттук иденттүүлүгүбүздү сактоодо, өлкөнү мындан ары туруктуу, ар тараптуу жана иреттүү өнүктүрүүдө, ошондой эле өлкө ичиндеги, бүтүндөй региондогу коопсуздук менен туруктуулукту тийиштүү деңгээлде кармап турууда маанилүү процесс болуп саналат.

Мына ошондуктан, Кыргыз Республикасынын жаңы Аскердик доктринасын иштеп чыгуунун жүрүшүн жеке көзөмөлүмө алгам. Бүгүн анын бет ачары сунушталат.

Урматтуу Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү!

Мен өлкөбүздүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу комплекстүү түрдө гана жүргүзүлүшү керек деп жөн жерден баса белгилеп айткан жокмун.

Мамлекетибиздин коопсуздугун ушундай ыкмалар менен гана чек ара чыр-чатактарынан, ниети түз эмес мамлекеттердин куралдуу агрессиясынан жана башка коркунучтардан натыйжалуу камсыз кылууга, ошондой эле жергебизди ар кандай террористтик жана экстремисттик-бандалык түзүлүштөрдүн басып кирип келүүсүнөн коргоого боло турганын практика көрсөтүп турат.

Ушул максаттарда, менин тапшырмама ылайык, Коргоо министрлиги Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен биргеликте жаңы Аскердик доктринанын долбоорун иштеп чыккан”.

13 Июнь 2023 жыл 11:10

Тема боюнча