Жапаров: Өлкөдө кеминде 250 миң жумушчу орун түзүү керек

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылы өлкөдө кеминде 250 миң жумушчу орун түзүү керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал 11-январда жумушчу орундарды түзүү маселелеси боюнча мамлекеттик органдар менен өткөргөн жыйында айтты.

Өкмөт башчы тышкы миграциянын агымын азайтуунун негизги жолу адамдарга Кыргызстанда жумуш таап берүү экенин белгиледи.

11 Январь 2024 жыл 18:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча