Жапаров мамлекеттик кызматка алуудагы тууганчылыкка катуу талап койду

Мамлекеттик кызматтарга жумушка алууда өкүл балам, жээним, таякем, кудам же жердешим деген сыяктуу мыйзамга жат, одоно катачылыктар болбошу керек. Мамлекеттик кызматтардын жетекчилерине карата мындай талапты президент Садыр Жапаров «Ынтымак Ордодо» өтүп жаткан республикалык кеңешменин жүрүшүндө койду.

Мамлекет башчысы эгер ушундай жагымсыз, мыйзамсыз көрүнүштөр аныкталса, мыкты жетекчи экенине карабай тиешелүү жаза колдонуларын эскертти.

«Бүгүн биз саясий интригаларды бул жакка коёлу, ката кетирүүгө да акыбыз жок. Ар бир жетекчи, ар бир кызматкер түздөн-түз өзүнө тагылган иш милдеттери менен гана алек болушу керек. Маяна алып, ишинен баар таап жатканда, ишмердигин абийир менен эч кандай компромисске барбастан жүргүзүүсү зарыл. Ушундай жол менен гана бийлик өнүгүүнүн чыныгы куралы болуп кызмат кылат», — деди президент.

27 Февраль 2026 жыл 14:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча