«Мындан ары профициттер менен гана жылды жабабыз», — деп баса белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) жетекчилеринин катышуусунда өтүп жаткан жыйында.
Министрлер кабинетинин башчысы 2023-жылы консолидацияланган бюджет 575 млрд сом болгондугун айтты. Республикалык бюджетте профициттин көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча, 13,9 млрд сомду түздү.
«Мындай профицит – биздин тарыхыбызда эң чоң көрсөткүчтөрдүн бири. Мындан ары профициттер менен гана жылды жабабыз», — деп, Жапаров жакынкы 3 жылдын аралыгында “1 трлн” деген тарыхый көрсөткүчтү алышыбыз керек деп баса белгиледи.