Жапаров: «ОПГ – саясий коррупциянын эгизи же бир тууганы!»

«ОПГ – саясий коррупциянын эгизи же бир тууганы!». Мындай пикирин ЖКнын жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

«Урматтуу Президентибиз өзүнүн акыркы интервьюсунда: “Коррупциянын тамырын 100 пайыз кыркып бүтө элек болсок дагы, 90 пайызын жойдук. Ошол үчүн бюджетибиз көтөрүлүп жатат” деди. Чындыгында 30 жылда өлкөнү басып кеткен саясий коррупция демонтажталды. Анын эң башкы далили – Кумтөр. Ал элге кайтарылды: 5 арбитраждык, 6 ар түрдүү эл аралык соттук процесстерди бүтүрдүк. Мындан тышкары Мегаком (300 млн$), Бител (75 млн$), Манас банк (18 млн$), Таш-Көмүрдөгү (60 млн$) завод боюнча иштерде 100% Кыргызстандын пайдасына соттук процесстерди жеңдик. Ушунун баарын саясий коррупция басып турган. Мен 20 жылда 3 жолу депутат болдум. Дүйнөлүк банктын “Многоликая коррупция” деген китебин канча жолу бийликтегилерге жеткире алган жокмун. Саясий коррупция болгон жерде ОПГ сөзсүз аралашат. Анткени ОПГ – саясий коррупциянын эгизи же бир тууганы! Бардык баскычтарда тазалануу иштери жүрүп жатат»,-деди ал.

23 Ноябрь 2023 жыл 11:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча