Жапаров расмий сапар менен Италияга кетти. Кимдер коштоп кетти?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда, расмий сапар менен Италияга жана Ватиканга жөнөп кетти.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы бул сапарда жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр болорун жана кыргыз-италиялык мамилелердин бүтүндөй комплекси, аларды өнүктүрүүнүн келечеги талкууланарын билдирди.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев;

башкы прокурор Максат Асаналиев;

маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

юстиция министри Аяз Баетов;

президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев;

президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.

2 Октябрь 2024 жыл 16:32

Тема боюнча