Жапаров Си Цзинпинге көңүл айтты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзинпинге өлкөнүн Ганьсу жана Цинхай провинцияларында жер титирөөдөгү курмандыктарга байланыштуу көңүл айтты.

«Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз”, — деп жазылган анын көңүл айтуу катында.

19-декабрга караган түндө Кытайдын түндүк-батыш тарабындагы Ганьсу жана Цинхай провинцияларында жер титиреп, 130га чукул адам набыт болгон. 220дан ашууну жаракат алганы кабарланган.

19 Декабрь 2023 жыл 19:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча