Жапаров Талас ОИИБдин жаңы имаратынын ачылышына катышты

Бүгүн, 21-майда президент Садыр Жапаров Талас шаарында Талас ОИИБдин жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, президент өз сөзүндө Талас облустук ички иштер башкармалыгынын имараты Советтер Союзу учурунда эле курулуп, мамлекеттик башка имараттардай эле жыл сайын оңдоп-түзөө иштерине каражаттар талап кылынып келгенин айтты. Имарат алгач маданият үйү катары 1985-жылы салына баштап, 1987-жылы кайсы бир себептерден улам курулуш иштери токтоп калган.

Андан бери бул имарат колдон-колго, өкүнүчтүүсү, жеке менчикке өтүп кеткен учур да болгон. Арадан 36 жыл өткөндөн кийин имаратты Талас облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берүү чечими кабыл алынган. Ал кезде имараттын төрт дубалдан башка эч нерсеси болгон эмес.

Ички иштер министрлиги өздүк курамга иштөө шарттарын түзүү менен, элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында демилге көтөрүп, демөөрчү таап, азыркы имараттын курулуш иштери башталган. Курулуш 2023-жылдын
сентябрь айында башталып, 7 айда толугу менен аяктады.

Өлкө башчысы буга катар эле акыркы 3 жыл аралыгында өлкө аймагындагы ички иштер органдарына жардам сурап кайрылган жарандардын чакырууларына ыкчам чыгып, жерине жетип барып, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 400дөн ашуун унаа берилип, 200дөн ашуун имарат курулуп, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөнүн кошумчалады.

21 Май 2024 жыл 10:47

Тема боюнча