Жапаров Татарстанга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Татарстандын Казань шаарына жөнөп кетти.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

  • президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев.

Эскерте кетсек, алдыдагы саммиттин жүрүшүндө көп тараптуулукту бекемдөөгө, бирикменин жаңы мүчөлөрүн интеграциялоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

23 Октябрь 2024 жыл 15:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча