Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Дональд Трампты Америка Кошмо Штаттарынын президенттигине шайланышы менен куттуктап, телеграмма жолдоду.
Анда Садыр Жапаров Дональд Трамптын лидерлик тажрыйбасы жана терең билими Кыргызстан менен АКШнын кызматташтыгын мындан ары да тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүнө үмүт артарын билдирген. Эки элдин «байгерчилиги жана келечеги үчүн алдыда турган глобалдык чакырыктарды ийгиликтүү жеңип, өнөктөштүктү жаңы деңгээлге көтөрө алабыз» деген ишеничин билдирген.
Президент Жапаров Кыргызстан менен Американын көп багыттуу кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын кошумчалап, Дональд Трампка бекем ден соолук, ал эми АКШ элине тынчтык жана өнүгүү каалаган.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Дональд Трампты АКШ президенти болуп шайланышы менен Борбор Азиядагы өлкө башчыларынын ичинен алгачкылардан болуп куттуктады.