Жапаров Зардалы айылына Чакан ГЭС курууну тапшырды

Президент Садыр Жапаровдун Баткен облусунун Зардалы айылына болгон иш сапарынын алкагында, айылга жалпы кубаттуулугу 30 мегаватт болгон, 6,31 гектар аянтты камтыган Чакан ГЭС куруу тапшырмасы коюлду.

Президенттин тапшырмасынын негизинде Министрлер Кабинетине караштуу «Жашыл энергетика фонду» айылдын энергия менен камсыздалышын жакшыртуу максатында Чакан ГЭС куруу долбооруна байланыштуу конкурс жарыялады.

Бул ГЭСтин курулушу Зардалынын тургундары үчүн туруктуу электр энергиясын камсыз кылууга чоң салым кошот.

Конкурс 2024-жылдын 14-октябрь күнү саат 15-00до Эркиндик бульвары, 56 дареги боюча Кыргыз Республикасыным Министрлер Кабинетине караштуу «Жашыл энергетика фондунун» имаратында өтөт.

3 Октябрь 2024 жыл 20:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча