Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкекте канал, дарыялар тазаланууда
Бул иштер жазында канал толуп, суу каптабаш үчүн азыр жасалып жатат. Суудагы таштандыны тазалоо иштерине ондогон атайын техника тартылган. Бийлик шаардыктарга арык, каналга таштанды ыргытпоону суранды.