«Жапаровдун жээни болом, кеңешчисимин” деген шектүүлөр кармалды

Садыр Жапаровдун “жээни болом, кеңешчисимин” деп президенттин атын жамынган эки адам кармалды.

УКМКнын айтымында, А.А.А. деген адам өлкө башчынын жакын тууганы экенин айтып, 50 млн сомго бааланган көмүр кенинин ээсин ишкананы чет элдик компаниянын менчигине өткөрүүгө мажбурлаган. Болбосо укук коргоо органдарындагы байланыштары менен аны камата тургандыгын айткан.

Атайын кызматка бул боюнча арыз түшүп, А.А.А. менен кошо президенттин атын жамынып жүргөн дагы бир киши кармалды.

УКМК ушул сыяктуу окуялардан жапа чеккендер болсо 0312-62-05-85 номерине кабарлап коюуну суранат.

18 Февраль 2025 жыл 15:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча