Дайынсыз болуп жаткан 73 жаштагы Сабира Бейшеналиева изделүүдө. Ал 14-сентябрда Пригородное айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: арык чырай, көзү начар көрөт, жакшы сүйлөй албайт, жай басат. Эс тутумун жоготуу илдети менен жабыркайт.
Кийген кийимдери: кызгылт көк түстөгү токулган кофта, жоолук (сүрөттөгүдөй), кочкул кызыл шым.