Жаштык конушундагы сейил бак эс алуучуларга өз эшигин ачты (сүрөт)

Бүгүн, 9-майда Талас шаарынын Жаштык конушундагы К. Токтогулов №39 дарегинде жайгашкан сейил бак реконструкциялык толуктоо иштеринен соң шаар тургундары жана коноктору үчүн өз эшигин ачты.

Ачылыш аземге Талас шаарынын мэри Эрмат Джумаев, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков, шаардык мекеме, ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чаранын алкагында келген шаар тургундарына жана балдарга бекер балмуздактар таркатылып, көңүлдүү эс алуу тартууланды.

Эскерте кетсек, мэр Эрмат Джумаевдин тапшырмасы менен Талас шаарынын күн батыш тарабындагы К. Токтогулов №39 дарегинде жайгашкан аталган сейил бакта толугу менен реконструкция иштери жүргүзүлдү. Ал үчүн 2 500 000 сом акча каражаты сарпталды. Анын ичинен 1 000 000 сом аталган сейил бакты заманбап талаптарга келтирүү үчүн «Алтын-Казык» ишканасынын жетекчиси, Талас шаарынын кулуну, жеке ишкер Эсен Казакбаев тарабынан демөөрчүлүк колдоо көрсөтүлдү.

9 Май 2024 жыл 20:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча