Бүгүн “Жашыл энергетика фондунун” директору Кундуз Кырбашева Улуу Британиянын элчиси Ник Боулер менен жолугушуп, Кыргызстанда CONNEX демилгесин ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
CONNEX деген эмне?
CONNEX — бул дүйнө жүзү боюнча татаал инвестициялык келишимдерди түзүүдө техникалык, юридикалык, финансылык жана экологиялык жактан колдоо көрсөтүүчү глобалдык демилге.
Бул долбоор Улуу Британиянын каржылык колдоосу менен жана жаңы «Борбордук Азиядагы климаттык энергетика жана суу ресурстарынын коопсуздугу» регионалдык программасынын алкагында ишке ашырылып жатат. Программа ошондой эле Германиянын өкмөтү тарабынан каржыланган GIZ (Германское общество по международному сотрудничеству) менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.
Эл аралык кызматташуулар аркылуу Кыргызстан жашыл энергетика тармагында чоң кадамдарды жасап, туруктуу өнүгүүгө карай бет алды.