Жашыл энергетика тармагында биринчи жолу #аукциондук соода механизмдери ишке кирүү алдында турат. Аукциондук соода деген эмне?

Бүгүн “Жашыл энергетика фондунун” директору Кундус Кырбашева USAID «Борбордук Азиянын энергетикасы» программасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда өлкөдөгү кайра жаралуучу энергия булактары жаатында аукциондук соода жүргүзүү маселеси талкууланды. Ошондой эле USAID «Борбордук Азиянын энергетикасы»программасынын алкагында, энергетика тармагындагы аукцион өткөрүү платформасын жана механизимдерин Кыргызстанга киргизип берүүнү сунуштады.

Жакынкы күндөрү бул маселени кеңири талкуулоо үчүн министрликтер жана башка тиешелүү ведомстволордун катышуусунда жыйын өтмөкчү.

Энергетикада аукциондук соода деген эмне?
Аукциондук соода – бул атаандаштыкка негизделген процесс, анда мамлекет күн, шамал жана башка түрлөрдөгү электр станцияларын куруу үчүн компанияларды тандайт. Компаниялар электр энергиясын өндүрүүнүн баасын сунушташат, эң төмөнкү бааны сунуштаган компания жеңүүчү болуп чыгат. Бул мамлекетке чыгымдарды азайтууга жана жашыл энергетика тармагына ишенимдүү инвестицияларды тартууга жардам берет.

Коңшу өлкөлөрдөгү аукциондук сооданын ийгиликтүү мисалдары:

  • Казакстан: Өлкө күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча бир нече аукциондорду ийгиликтүү өткөрүп, жаңыланып туруучу энергия жаатына миллиондогон доллар инвестиция тартты.
  • Өзбекстан: Өзбекстанда да тендер аукциондук соодалар киргизилип, электр энергиясынын наркын төмөндөтүүгө жана жаңы электр станцияларын куруу үчүн ири эл аралык компанияларды тартууга мүмкүндүк берди.

Кыргызстанда аукциондук соода жүргүзүүнү киргизүү өлкөнүн жашыл энергетикасын өнүктүрүү жана туруктуу энергетикалык келечегин камсыз кылуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат.

2 Октябрь 2024 жыл 14:38

Тема боюнча