«Жазга чейин басып калат деген үмүттөмүн». Блогер Аружандын абалы айтылды

Блогер Арген Асанов кырсыктан кийин Аружан Бекешеванын абалы тууралуу айтты. Ал окурмандарынын суроолоруна жооп берип жатып, өзү дагы учурда дарыланып жатканын билдирди.

“Аружандын ден соолугунда өзгөрүү бар. Бирок 3-4 ай баса албайт, буюрса жазга чейин басып калат деген үмүттөмүн. Мен жанындамын. Ал эми өзүм дарыланып жатам, башымдан, белимден сокку алгам”, — деген Арген.

Эскерте кетсек, түгөйлөр 25-декабрда Баткенге бара жатканда жол кырсыгына кабылышкан.

5 Январь 2024 жыл 14:00

Тема боюнча