“Женго” каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досонов тергөө абагында каза болгону тууралуу маалыматтар жалган. Бул тууралуу анын адвокаты билдирген.
Маалыматка ылайык, Кадырбек Досонов ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.
Кадырбек Досонов былтыр 24-ноябрда дагы башка кылмыш ишине байланыштуу күбө катары көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке которулган.
Ушул тапта социалдык тармактарда “Кадырбек Досонов тергөө абагында каза болгону тууралуу” маалыматтар тарап жатат.