Жер бетинде алсыз магниттик бороондор башталды

5-октябрда түштөн кийин жер бетинде алсыз магниттик бороондор башталды. Жекшембиге, 6-октябрга караган түнү алар күчтүү болуп, G3 классына жетти. Бул тууралуу «Фобос» аба ырайы борборунун жетектөөчү адиси Михаил Леус билдирди.

Магниттик бороондор жекшемби күнү кечинде максималдуу деңгээлге жетет. Андан кийин космостук бороон төмөндөй баштайт, ал эми магниттик бороондор орто жана төмөн деңгээлдеги абалда шейшемби, 8-октябрда түнкү саатка чейин уланат.

Бул аралыкта айрым адамдар кыжырдануу, алсыздык, кан басымынын өзгөрүшү, баш айлануу, баш оору ж.б. сезиши мүмкүн.

7 Октябрь 2024 жыл 8:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча