Жер титирөө учурунда эмне кылуу керек?
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жер титирөө учурунда эмне кылуу керектиги тууралуу кеңештерди берди.
Ага ылайык:
- Эң керектүү буюмдарды (телефон, документ) алып, 10 секунд ичинде сыртка чыгып кетүү зарыл
- Биринчи кабатта жашагандарда 10-15 секундда сыртка чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар
- Экинчи жана андан өйдө кабаттагылар сыртка дароо чыкпай, бөлмөнүн коопсуз жерине (бурч, столдун асты) тура калышы керек
- Эч качан терезеден секирбеңиз
- Жер титирөө, өрт учурунда лифтти колдонууга болбойт. Тепкич менен гана түшүңүз
- Жер титирөө учурунда сыртта болсоңуз, имараттардан алыс болуп, ачык жерге туруңуз
- 1-3 баллга жеткен титирөө билинер-билинбес өтөт, тилекке каршы, 4 баллдан өйдө болгон жер силкинүү кыйроолорго алып келет.
23 Январь 2024 жыл 11:46