Жогорку Кеңеште депутаттардын эл аралык иш сапарларына убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу спикер Нурлан Шакиев парламенттин 12-июндагы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, сессиянын бүтөрүнө бүгүнкүнү эсепке албаганда беш пленардык жыйын калды.
Спикер кесиптештерине, парламент июнь айынын аягына чейин өлкө үчүн маанилүү мыйзам долбоорлорун кабыл алышы үчүн иш сапарларын токтотүлганын айтты.
«Өтө маанилүү командировкага бир-эки адам гана бара алат», — деп эскертти Шакиев.