ЖК депутаттары ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышышты (сүрөт)

«Элдик» депутаттык тобунун депутаттары «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» (МИК) турак жай программасынын алкагында республиканын аймактарында турак жай куруу боюнча ишмердүүлүгү менен таанышты.

Алгач, эл өкүлдөрү Бишкек шаарындагы Маликов жана Скрябин көчөлүрөндөгү жер тилкелерине барып, курулуш иштерин жеринде көрүп чыгышты. Андан соң көчмө жыйын МИКтин кеңсесинде уланды.

Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, «Үйлөрдү куруу демилгесин Президентибиз өзү көтөргөн жана ушул тапта бул иштер анын жеке көзөмөлүндө. Курулуш иштерине байкоо жүргүзүү үчүн онлайн камералар орнотулган. Президенттин указы менен батирлердин 1 чарчы метри ремонту менен кошкондо 550 АКШ долларын түзөт.

Акыркы жер титирөөлөрдөн кийин курулуштун сапатын көз карандысыз эксперттер текшерип кетишкен. Салынып жаткан үйлөрдүн курулуш материалдары сапаттуу болгондуктан, 9 баллдан ашкан жер титирөөгө да туруштук бере алат.

Бардык курулуп жаткан үйлөрдүн жанына мектеп, ФАП, бала бакчалар дагы курулуп, эл үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт»-деп билдирди.

Аталган үйлөрдүн курулушун Президенттин Иш башкармасына караштуу “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсы Башкармалыгынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бүгүнкү күнгө МИК тарабынан 15,8 млрд сомго 9 346 насыя берилгенин маалымдады. «Учурда кезекте 18 966 жаран турат», — деген А.Шыкмаматов учурдагы курулуштарга жана турак жай каржылоо багыттарына кеңири токтолду. Ал пландары менен бөлүшүп, 2026-жылга чейин 23 миң батир куруу мерчемделип жатканын белгиледи.

Талкуу маалында эл өкүлдөрү мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндөгү көптөгөн маселелерге көңүл буруп, мигранттар үчүн үлүштүк курулуш механизмин ишке киргизүү, курулуш секторуна инвестицияларды тартуу боюнча бир катар сунуштарын беришти.

Депутаттык топтун лидери Акылбек Түмөнбаев киргизилип жаткан узак мөөнөттүү туруктуу ипотекалык насыялоо механизми жарандардын турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатаарын белгиледи. Ал эми депутат Жалолидин Нурбаев МИКке ипотека берүүнүн ислам принциптерин киргизүүнү сунуштаса, эл өкүлү Аманкан Кенжебаев Чүй облусунда турак жай куруу маселесин көтөрдү.

Арсланбек Малиев МИКке парламенттен кандай колдоо керектигине кызыкты. Буга А.Шыкмаматов салык жүгүн азайтуу, көзөмөлдөө, ошондой эле келишимдерди ратификациялоого көмөктөшүү керектигин белгиледи.

Акбөкөн Таштанбеков топтоо турак жай фондун түзүүнүн негизинде комплекстүү чараларды көрүүнү сунуштады.

Максатбек Сарбагышев бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскартуу жана мекемелер аралык кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу аркылуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү зарылдыгын белгиледи. Мирлан Самыйкожо конфискацияланган мүлктөрдү башкаруу, курулуп жаткан батирлерге баа түзүү, кезектүүлүк боюнча маселелерди ортого салды.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттардын сунуштарын эске алуу менен МИК тарабынан берилген маалыматтар эске алынды.

9 Февраль 2024 жыл 16:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча