ЖК Гүлзат Исаматованы илим министри кызматына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңештин жыйынында Гүлзат Исаматованы илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Талапкер тууралуу маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Эл өкүлдөрү талкуунун жыйынтыгында Гүлзат Исаматованы илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына дайындоого макулдук берип, тиешелүү токтом кабыл алынды.

25 Декабрь 2025 жыл 17:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча