ЖК комитети Улуттук банктын төрагалыгына Тургунбаевди колдоду

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 27-июндагы кезексиз жыйынында Улуттук банктын төрагасы кызматына Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин колдоду. Президент Садыр Жапаров көрсөткөн Мелис Тургунбаевди бул орунга шайлоо маселеси эми парламенттин жалпы жыйынында каралат.

42 жаштагы Мелис Тургунбаев — экономика илимдеринин доктору. 2023-жылы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалган. Бул кызматтан 26-июнда кетти.

26 Июнь 2024 жыл 15:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча