Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 4-июндагы жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүү боюнча арызын карап канааттандырды.
Маселе эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.
Курманкул Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу президент Садыр Жапаровго арыз жазганы 3-июнда белгилүү болгон. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов президент Садыр Жапаров башкы прокурордун кызмат ордуна прокуратура системасынын ичинен талапкерлерди карап жатканын айткан.