ЖК комитетинде электрондук тамекиге байланыштуу мыйзам долбоору II жана III окууда кабыл алынды

Бүгүн Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинде электрондук тамекиге сатууга тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору каралды.

Комитеттин жыйынында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү депутаттардын мыйзам долбоору боюнча кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

Мында мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Шайырбек Ташиев электрондук сигаретти ташып кирген жеке жактарга 150 миң сом, юридикалык жактарга 250 миң сом, ал эми аны колдонгондорго 10 миң сом айып салуу каралганын белгиледи.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Улан Кимсанов мыйзам кабыл алынса, Бажы кызматы өлкөгө электрондук тамекини алып кирүүлөрдү толук токтотууга күчү жетерин белгиледи.

Ошентип, талкуунун жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору II жана III окууларда кабыл алынды.

26 Июнь 2024 жыл 13:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча