ЖКда эки депутаттык топтун лидерлери алмашты

Жогорку Кеңештин эки депутаттык топтун лидерлери алмашты. Кундузбек Сулайманов “Мекенчил” депутаттык тобунун жетекчилигинен кетип, ордуна жаңы гана мандат алган Талант Мамытов лидер болду.

Андан тышкары “Ата-Журт” депутаттык тобунун лидери Нурланбек Азыгалиевдин ордуна Дастанбек Жумабеков келди.

Талант Мамытов №13 округ боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечиминен кийин мандат алып, 18-февралда ант берип депутаттык кызматка киришкен.

Жогорку Кеңештин 90 мандаттуу VIII чакырылышы 2025-жылдын декабрь айында ишин баштаган. Парламентте сегиз тармактык комитет, беш депутаттык топ бар.

19 Февраль 2026 жыл 10:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча