ЖКдан качып кеткен Эмил Жамгырчиев УКМКда сурак берди

Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиев бүгүн 12-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) барып, шектүү катары сурак берди. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, сурак анын адвокатынын көзүнчө жүргүзүлдү, башка да тергөө амалдары өттү, тергөөчү чакыргында барып туруу убадасы алынып, кое берилди.

«Азыркы тапта депутат Эмил Жамгырчиев мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөнү боюнча ишти тергөө аягына чыгып калды. Жакында тийиштүү тартипте сот органдарына өткөрүлүп берилет», — деп билдирди УКМК.

9-январда комиссия жабык жыйынында Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Ал эми депутат Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп качып кеткени маалымдалган

Жамгырчиев кайда экени белгисиз болуп жатканын мурдараак фракция лидери Жанар Акаев билдирген.

12 Январь 2024 жыл 21:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча