Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азенбек Козукеев кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү жайына барды. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары менен жолугушуп, бажы кызматкерлеринин жана котормочулардын жардамы менен кытай айдоочуларына Кыргызстандын аймагына киргенде жол эрежелерин так сактоо, каршы тилкеге чыкпоо зарылдыгы эскертилди.
Ошондой эле кытай тилинде даярдалган түшүндүрмө баракчалар таратылып, бажы көзөмөл пунктуна илинди.
Мындан тышкары, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жасалма тыгын жаратып, каршы тилкеге чыккан чет өлкөлүк жана жергиликтүү айдоочуларга жол маданиятын сактоо, бири-бирин сыйлоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, “Торугарт” көзөмөл-өткөрмө пункту Нарын шаарынан 194 чакырым алыстыкта, деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан.