Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары болуп «Элдик» депутаттык тобунан Чыңгыз Ажибаев шайланды.
Жашыруун добуш берүүгө 87 депутат катышып, анын ичинен 82 депутат «макул», 5 депутат «каршы» добуш беришти.
Ал эми кийинки орун басары болуп «Адилет Кыргызстан» тобунан Жылдыз Таалайбек кызы шайланды. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында бардык 87 депутаттын 85и «макул», 2 депутат «каршы» добушун беришти.
Жогорку Кеңештин төрагасынын дагы бир орун басары болуп «Мекенчил» тобунан Карим Ханджеза шайланды. Ага жалпы 87 эл өкүлүнүн ичинен 73 «макул», 8 «каршы», ал эми 6 депутат добуш берген эмес.
Эскерте кетсек, буга чейин парламенттин төрагалыгына Нурланбек Тургунбек уулу шайланган.