Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары ант берди

Бүгүн, 8-майда Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы шайланып келген депутаттар Бактыяр Калпаев, Илимбек Кубанычбеков, Бекмурза Эргешов ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Бактыяр Калпаев Баткендеги №2, Илимбек Кубанычбеков Кара-Суудагы №9, Бекмурза Эргешов №7 бир мандаттуу Ош шайлоо округунан шайланды.

Жогорку Кеңештин жаңы үч депутаты «Мекенчил» депутаттык тобунун курамына киришти.

Кыргызстанда жогоруда айтылган округдарда 28-апрелде мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо өткөн.

8 Май 2024 жыл 15:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча