Жол киренин жаңы тарифи сунушталды

Бишкек мэриясы муниципалдык автобус, троллейбуска жол киренин жаңы тарифин сунуштады.

Бул тууралуу вице-мэр Максат Сазыкулов 21-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда айтты.

Анын айтымында, накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот.

MegaPay электрондук капчыгы менен төлөгөндө, жол киренин баасы 11 сом бойдон калат.

22 Декабрь 2023 жыл 12:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча